Курс НБ на 18.01.2021 $84,4817 €102,4848

Эмираттык сутенёрдун соту 7-февралга жылдырылды

Кылмыш
27 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
565
“Русские Эмираты” интернет-ресурсунун маалыматына таянсак, Дубайда кыргызстандык кыздарды сойкулук кылууга мажбурлаган 27 жаштагы кароол жигит “адам сатуу” беренеси боюнча айыпталып, 24-январда сотто сурак берди. Ал өзүнүн эки шериги менен WhatsApp аркылуу кыргызстандык эки кызды “үй кызматчысы керек” деген шылтоо менен эмиратка чакырып алышып, сойкулук кылууга мажбурлашкан. Кыздардын ата-энелери Al Barsha полициясына кайрылгандан кийин сутенер кармалган. Кыргызстандык дагы бир эки кыз өз ыктыярлары менен сойкулук кылгандыгы үчүн айыпталууда. Соттун кийинки отуруму 7-февралда болот.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.