Курс НБ на 15.12.2019 $69,8482 €78,0693

Эквадордо 12 тонна кокаин “кармалды"

Кылмыш
12 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
760
Эквадордун полициясы Гуаякиль портундагы текшерүүдө 12 тонна кокаин ташылып баратканына бөгөт койду. Наркы 480 млн долларлык кокаин заты 474 даана мүшөктөргө (ар бири 25 кг) салынып ташылып баратканда иттердин жардамы менен кармалган. Кокаин деңиз аркылуу Бельгияга жөнөтүлмөк. Эквадор Колумбия менен Перунун ортосунда жайгашкандыктан наркотикалык заттар ташылчу транзиттик өлкө катары белгилүү.  Колумбия менен Перуда ири өлчөмдө кокаин өндүрүлөт. Ошондуктан Эквадор аркылуу жылына 220 тонна наркотикалык заттар өтүп турары белгилүү болгон. БУУнун маалыматы боюнча Эквадор кылмыштуулук жана наркотик боюнча дүйнөдө 3-орунда турат. 2010-жылы өлкөдө 15,5 тонна, 2011-жылы 26 тонна, 2012-жылы 30 тонна, 2016-жылы 102 тонна наркотикалык заттар алынган, кармалган.
 
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.