Курс НБ на 12.11.2019 $69,8469 €77,0062

Экс- министрге кылмыш иши козголду

Кылмыш
28 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
435
КРнын мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиевге бюджет каражатын мыйзамсыз колдонгону үчүн КР ККнын 305-беренеси боюнча (кызматынан ашыкча пайдалануу) кылмыш иши козголду. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматынан билдирди.
Ошондой эле, КРнын Коргоо министринин мурдагы орун басары Н.Ж.га (КР ККнын 304-беренеси (кызматынан кыянаттык менен пайдалангандыгы), 30-беренеси менен (кылмышка катышкандыгы), 305-беренеси менен (кызматынан ашыкча пайдалангандыгы) менен кылмыш иштери козголду.
Маалыматка караганда, алар  мыйзамсыз иш-аракетинин натыйжадасында мыйзамсыз берилген акча каражаты чарба субъекти тарабынан өз максатында колдонулбай, аталган субъекттин жетекчисинин көрсөтмөсү боюнча пайдаланышкан. Бул иштер боюнча иликтөө жүрүп жатат.
 
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.