Курс НБ на 21.09.2020 $79,0444 €93,7348

Эки кызды жер төлөдө мыйзамсыз кармаган аял кармалды

Кылмыш
20 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
606
Бул тууралуу бүгүн  Ички иштер министрлигинен билдиришти. Аял сойкулук менен алектенген эки кызды үйүнүн жер төлөсүндө мыйзамсыз кармап келген.  Маалыматка таянсак, 14-декабрь күнү милиция кызматкерлерине оперативдүү маалымат келип түшкөн. Анда белгисиз аял эки кызды өз үйүндө мыйзамсыз кармап жатканы айтылган. Мындан улам Бишкектеги жаңы конуштардын биринде турак үй текшерүүгө алынып, жер төлөсүнөн эки кыз табылган. Алардын бири 18 жашта болсо, бири жашы жете элек экендиги аныкталды. Кыздарды мажбурлап кармап турган аял 1978-жылы туулган. Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.