Курс НБ на 10.12.2019 $69,8500 €77,2820

Директор мектептин жанындагы 2 түп талды кыйып алган

Кылмыш
09 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
497
Ош облусунун Араван районунда жайгашкан Салижан Шарипов атындагы №19 мектебинин аймагында жайгашкан 2 түп тал дарагын мектеп директору Мурабдулаев Махамаджан тарабынан мыйзамсыз кыйылгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциясынын Араван жана Карасуу райондору боюнча кызматкерлери билдиришти. Натыйжада Кыргыз Республикасынын “Айлана чөйрөнү коргоо жөнүндөгү” мыйзамынын ; 44; 46; 47; 54 беренелери, КРнын токой кодексинин 10 ; 81; беренелеринин талаптары одоно бузулган деп, Мамэкотехинспекциянын адистери тарабынан жеринде протоколдор толтурулуп, мектептин директору Мурабдулаев Махамаджанга 20854 сом эсебиндеги доо коюлду. Учурда коюлган доону өндүрүү максатында материалдар Араван райондук прокуратурага өткөрүлүп берилди,- делет маалыматта.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.