Курс НБ на 20.05.2019 $69,8500 €78,0539

Динара Сагынбаева камакка алынды

Кылмыш
15 - Май 2019
www.erkintoo.kg
21

 Динара Сагынбаева мурда саламаттык сактоо министри кызматын аркалаган. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан бошотулушу боюнча суракка чакырылып, андан кийин камакка алынганы тууралуу  ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов «Азаттыкка» билдирди. Маалыматка ылайык, Сагынбаева Бишкек ШИИБнын убактылуу камоочу жайына киргизилген. Аны менен кошо Жазык аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев да камакка алынган. Кармалгандар коррупцияга аралашкан, документтерди жасоого жана кызматтык жасалмалоого катышкан деп шек саналууда. Кылмыш иши боюнча тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.(ЖК)

 



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу