Курс НБ на 05.06.2020 $74,2343 €84,1186

​Дамирбек Асылбек уулуна чыккан өкүм өзгөргөн жок

Кылмыш
20 - Ноябрь 2019
www.erkintoo.kg
174
Кыргызстандын Жогору соту тарабынан  парламенттин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулуна карата Казакстандын Алматы шаарынын адистештирилген район аралык сотунун аны 10 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмү өзгөртүлгөн жок. Аталган иш 19-ноябрда каралганын Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык,  Дамирбек Асылбек уулу Жазык кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүмү («Уюшкан кылмыштуу топ түзүү») жана 204-беренесинин 4-бөлүмү («Аткезчилик») менен 10 жыл бою жалпы режимдеги түзөтүү абактарында жаза өтөйт. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турат.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.