Курс НБ на 17.12.2018 $69,8320 €79,0708

Чолпон-Атада 9 жашар баланы өлтүрүп, шаардын четине таштап кетишкен

Кылмыш
02 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
92

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында белгисиз бирөөлөр 9 жашар баланы өлтүрүп, сөөгүн шаардын четине таштап кеткен. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы булак билдирген.

"Баланын сөөгү Чолпон-Ата шаарынын четиндеги тааладан алыс эмес жерде табылды. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Алдын ала маалымат боюнча баланы муунтушкан. Тийиштүү сот-медициналык экспертиза дайындалды. Шектүү киши белгилүү болду",- делет маалыматта.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери кылмышкерлердин изине автоунаанун дөңгөлөгүнүн изи аркылуу чыгышкан. Булактын айтымында, шектүүлөр эртеңкиге чейин кармалышы ыктымал.
Булак: Спутник


 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу