Курс НБ на 18.07.2018 $68,1779 €79,2295

Чүйдө эне менен кызды өлтүрүүгө тиешеси бар үч киши кармалды

Кылмыш
05 - Январь 2018
www.erkintoo.kg
114

Беловодское айылында эне менен кызды өлтүрдү деп дагы үч киши кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 1-январга караган түнү кылмышкерлер 100 миң сом үчүн эки аялды өлтүрүп, бир эркек кишини жабыркаткан. Аталган факты боюнча милиция "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, үч киши колго түшкөн.

"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмыш ишине шектүү катары дагы үч киши кармалды. Алар Чүй жана Бишкек шаарынын 20, 31 жана 33 жаштагы жарандары болуп чыкты", — деп айтылат маалыматта.

Учурда иликтөө иштери уланууда.



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.