Курс НБ на 13.12.2018 $69,8300 €79,0615

Чүй облусунда жашаган кемпирдин короосунан апийим табылды

Кылмыш
13 - Июль 2018
www.erkintoo.kg
185
Чүйдө жашаган 67 жаштагы кемпирдин короосунан 107 баш апийим табылганын облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Баңгизат өсүмдүгү 10-июлда милиция кызматкерлери үймө-үй кыдырып текшерген учурда аныкталып, укук коргоо органдары 107 баш апийимди табышкан.

Андан сырткары кемпирдин үйүнөн айнек банкага демделген апийимдин баштары табылган. Жалпысынан алганда 11 килограмм баңгизаты алынган.

Учурда Аламүдүн райондук милициясынын тергөө кызматы тарабынан сот-химиялык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында юридикалык баа берилет.



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.