Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

Чек арадан 2200 кг насвайды алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Кылмыш
14 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
16

Казак-кыргыз чек арасында ири өлчөмдө тамеки продукцияларын алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин чек ара кызматы кабарлады.

Маалымат боюнча, Кордайдын чек арачылары «Карасу» авто өткөрмө пунктунда 34 жаштагы Кыргызстандын жаранын кармашты. Ал “Мерседес-бенц” үлгүсүндөгү автоунаа менен Орусияга 2200кг насвай, 33 750 филтрсиз тамеки кутусун алып өтүүгө аракет кылган.

Бул продукциянын баары Тажикстанда өндүрүлгөн.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу