Курс НБ на 12.11.2019 $69,8469 €77,0062

Чехия жарандарын тоноо боюнча тергөө уланууда

Кылмыш
16 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
427
Буга чейин коомчулукта Чехия жарандарын тоноо боюнча маалымат кызуу талкууга алынган эле.  ИИМ басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бул боюнча Бишкек шаарынын ИИББнын башчысына Бишкек шаарынын тургуну Бактыгүл У. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын арызында  7-ноябрь күнү  Чүй, Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде 3 азият улутундагы жаран милициядан  деп тааныштырып, чех жарандарынан 140 евро жана 50 АКШ долларын алып качып кетишкен.  Арыз жазгандан кийин, Бактыгүл У аттуу жаранга бир кыргыз жаран келип, 10 миң сом акча берген. Ал акчаны алып, “Амбасадор” мейманканасына барып  Катрина аттуу чех жаранына акчаны берген.  8-ноябрда  3 чех жараны  Чехияга учуп кеткен. Ал эми Чехия жараны  Катрина  арыз жазуудан баш тарткан. Бул окуя туурасында  тергөө иштери жүрүүдө.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.