Курс НБ на 13.12.2018 $69,8300 €79,0615

Үч баланын энесин өлтүрүп, Казакстанга кетип бараткан

Кылмыш
25 - Сентябрь 2018
www.erkintoo.kg
101
Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы үч баланын энесин өлтүргөн деп шектелип жаткан адам тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына кененирээк айтып берген
Окуя 23-сентябрда кечки саат 20:00дөр чамасында болгон. Кылмышка шектүү көп кабаттуу үйдө жашаган 25 жаштагы келинди бычактап кеткен. Маалым болгондой, маркум күйөөсү менен ажырашып, үч баласы жана апасы болуп чогуу турушчу. Окуя болгон күнү үйүндө апасы да, балдары да жок болгон.

24-сентябрда шектүү чек арадан колго түшүрүлгөн.

Талас ОИИБинин маалымат кызматы билдиргендей, 34 жаштагы шектүү Талас облусунун Бакай-Ата районунда туулган.

"Колго түшкөн адам келин менен Бишкекте чогуу жашап жүргөн. Ортосунда балдары бар экен. Келин Таласка апасыныкына кеткенде аны шаарга алып келүү үчүн артынан жөнөгөн. Кызганычтын айынан экөөнүн ортосунда жаңжал чыгып, шектүү аялга бир нече ирет бычак урган", — деп жазылат маалыматта.

Милициянын маалыматында, шектүү изин жашырыш үчүн такси менен Казакстанга кетип калууну ойлогон, бирок чек арадан милициялардын кылтагына илинип калган. Ал күнөөсүн мойнуна алган, учурда тергөө амалдары уланууда.





 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу