Курс НБ на 20.03.2019 $69,7563 €79,1281

“Буудай королу” колго түштү

Кылмыш
20 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
87
Өзбекстанда “Буудай королу” деген ат менен таанымал бизнесмен Дильшод Сайфиддинов 8-февралда эле өз үйүндө камакка алынгандыгы эми гана белгилүү болду. 48 жаштагы Сайфиддинов өткөн жылдын 25-декабрында ишинен бошотулуп, бир нече күндөн кийин камалган Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Жахонгир Эгамов тарабынан ага карата берилген каршы көрсөтмөнүн негизинде кармалды деп айтылат маалыматта. Бир нече жыл ал өлкөнүн буудай даярдоочу, сактоочу жана кайра иштетүүчү “Өзбекданмахсулот” акционердик коомунда консультант катары иштеп, Самарканд, Навои шаарларында жана Ташкент облусунда буудай иштетүүчү ишканаларды менчиктештирип алууга жетишкен. Негизги бизнеси “Өзбекданмахсулотто” болгон Дильшод Сайфиддинов буудай менен ундун баасын өзү аныктап турган.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу