Курс НБ на 25.04.2018 $68,5725 €83,6722

Бөтөлкөлөшүнүн колунан ажал тапты

Кылмыш
04 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
39

Ичип отуруп бөтөлкөлөшүнө бычак уруп, өлтүрүп алган деп шектелген киши убактылуу тергөө абагына отургузулду. Бул туурасында Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.

102 кызматына борбордогу үйлөрдүн жанында канга чыланган киши жатканы туурасында маалымат келип түшкөн.

Милиция окуянын чоо-жайын иликтеп чыккан. Ага ылайык, ичип отурган эки киши мушташа кетип, бири экинчисин ичке, бетке жана чекеге сайып жиберген. Анын кесепетинен 33 жаштагы киши өмүрү менен кош айтышкан.

Аталган факты боюнча Бишкектин Ленин райондук милициясы Кылмыш кодексинин 97-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде иш козгоду.



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу