Курс НБ на 21.09.2019 $69,8317 €77,1501

Британияда 101 жаштагы педофил 13 жылга кесилди

Кылмыш
20 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
402
Британия соту 101 жаштагы Ральф Кларкты өспүрүмдөргө сексуалдык жактан ыдык көрсөткөнү үчүн 13 жылга кести. Мындай маалыматты  РИА Новости Sky News телеканалына шилтеме кылып жазды.  Буга чейин Бирмингемдин королдук соту сексуалдык жактан 21 жолу  зомбулук көрсөткөн Кларкты күнөөлүү деп тапкан. Анын бул  иштери 1970-80-жылдары жасагандыгы аныкталган. Маалыматтарга караганда, учурда ал зомбулук көрсөткөн курмандыгынын бири 45 жашка келген. Алар былтыр Facebook тармагынан Кларктын 100 жылдык юбилейине жазылган куттуктоолорду көргөндөн кийин полицияга кайрылышкан. Ральф Кларк Улуу Британиянын тарыхында эң улгайган, соттолгон адам болуп калды.

Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.