Курс НБ на 18.11.2018 $69,8400 €79,2474

Бишкектик тургун гашиш менен кармалды

Кылмыш
24 - Октябрь 2017
www.erkintoo.kg
223

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 23-октябрь күнү ИИМдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде Лев Толстой жана Термечиков көчөлөрүнүн кесилишинен С.М. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Текшерүү учурунда баштыктан 100 даана ширенкенин кутуларына салынган, өзгөчө жыты бар, күрөң-жашыл түстөгү “гашиш” баңгизаты табылган. Алынган заттын жалпы салмагы 1 килограмм 118 граммды түзгөн.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.