Курс НБ на 20.10.2018 $69,3251 €79,3703

Бишкекте жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, качып кеткен 66 жаштагы аял айдоочу кармалды

Кылмыш
11 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
95
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарында жөө жүргүнчүнү унаа менен өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу аялды кармашты.
Башкармалыктын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 7-апрель күнү саат 20:40 чамасында шаардагы 12-кичи райондо белгисиз унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден из жашырган. Жол кырсыктын кесепетинен 58 жаштагы К.Ш. (аял киши) ошол жерде көз жумган.
Жол кырсык фактысы ШИИБге катталып, топтолгон материалдар тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматкерлердин издөө иштеринин жүрүшүндө Бишкек шаарынын 66 жаштагы тургуну Л.Е. (аял киши) кармалып, «Лексус-RX300» үлгүсүндөгү унаа табылды.
Автоунаа айып аянтчасына токтотулуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Ал эми айдоочу аял Жол кырсык боюнча тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Териштирүү иштери жүрүп жатат.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.