Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

Бишкекте соттолгон адам Сирияда 20 адамды өлтүргөндүгүн мойнуна алды

Кылмыш
19 - Октябрь 2017
www.erkintoo.kg
33
Бишкектин Биринчи май райондук соту Сириядагы согушка катышкан Т.С.ны 7 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, айыпталган Т.С. 2013-жылдын 8-декабрында Стамбулга учуп барып, 2014-жылдын январь айында андан ары Сирияга өтүп, «Ислам мамлекети» террористтик уюмуна кошулган. Атайын согуштук лагерде террористтердин машыктыруусунан өткөндөн кийин согушка катышкан. 2016-жылдын апрелинде Түркиянын Газиантеп шаарынан укук коргоочулар тарабынан кармалган. 19-апрелде Стамбул-Бишкек авиакаттамы менен Кыргызстанга депортацияланган.

Ал сотто коюлган күнөөлөрдүн айрымдарын мойнуна алып, машыгуулардан өткөндөн кийин согушка катышпастан амирлердин үйлөрүн кайтаруу менен алектенгендигин айтты. Сирияга баргандан кийин бир нече жолу качууга аракет кылганы менен аны кармап алышып, абакка камашкан. Аны башка согушчандар өлтүрөбүз деп коркутуп, туткунга түшкөн күрд улутундагы 20 адамды өлтүрүүгө мажбурлашкан. Согушка диний ишениминен улам катышкан. Керектүү азык-түлүктөрдү алуу үчүн 2-3 айда бир жолу 100 доллардан акча алып турган.

Мындан тышкары ага Сириядагы согушка катышкан адамдардын сүрөттөрү көрсөтүлүп, алардын арасынан бир нечесин тааныды. Кылган иштерине өкүнө тургандыгын жана тергөөнүн жүрүшүнө жардам бергендигин билдирип, жазаны жеңилдетип берүүнү суранды.

Жыйынтыгында сот Т.С.ны коюлган айыптар менен 7 жылга эркинен ажыратты.
Булак: Турмуш


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу