Курс НБ на 20.10.2018 $69,3251 €79,3703

Бишкекте милиционерге ок чыгарган шектүүнүн сүрөтү жарыяланды

Кылмыш
07 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
195

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерине ок чыгарып жарадар кылган шектүү изделип жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБден билдиришти.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 28-340-беренеси (укук коргоо органдарынын кызматкерин өлтүрүүгө аракет жасоо) боюнча кылмыш иши козголгон

"Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун 31 жаштагы тургуну Шатманов Тилек Сулайманович изделип жатат. Ал 2018-жылдын 2-февралында Свердлов райондук ИИБдин кызматкерине ок чыгарып жарадар кылган", — деп айтылат маалыматта.
Бул адам кайда жүргөнү тууралуу маалыматы бар жарандар 0(312) 43-71-75, 0552 91-80-52, 0551 10-24-25 номурлары аркылуу ички иштер органдарына кабарлай алышат. Ошондой эле "102" номуру аркылуу дагы чалуулар кабыл алынат. Маалыматтын купуялуулугуна кепилдик берилет.

 

 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.