Курс НБ на 16.07.2018 $68,2447 €79,8190

Бишкекте үйгө кирип барып тургундарды коркутуп карактап кетишти

Кылмыш
09 - Январь 2018
www.erkintoo.kg
124

Бишкектик тургундардын батирине белгисиз адамдар кирип келип коркутуп менен уюлдук телефон менен акча каражатын алып кетишкен. Бул тууралуу ШИИБден кабарлашты.

Билдирмеге караганда, окуя 7-январда болгон.

"Калаа тургундары белгисиз адамдар батирге кирип келип коркутуп iPhone 5 үлгүсүндөгү уюлдук аппарат менен 50 миң сомун алып кетишкенин билдирип арыз жазышкан. Анын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон", — деп айтылат маалыматта.

Ыкчам иликтөө иштеринин негизинде кылмышка шектелип 27 жана 20 жаштагы эки жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.