Курс НБ на 22.01.2018 $69,3433 €84,8901

Бишкекте ири суммадагы акча уурдап кетип, «БМВ» сатып алган жигит кармалды

Кылмыш
29 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
86
Бишкекте ири суммадагы акча уурдоого шектелген 18 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка караганда, милицияга Кытайдын жараны кайрылып, 12-декабрда түндө белгисиз адам кеңсесине кирип, сейфтен 350 миң сомун жана 11 миң 700 долларын уурдап кеткендигин билдирген. Аталган факты боюнча уурулук беренеси менен кылмыш иш козголгон. Иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектелип Ысык-Көл облусунун 1999-жылы туулган тургуну Д.Э. кармалды. Анын жашаган жеринен 5,6 г салмактагы кара куурай, 5620 сом, 1600 юань, 205 доллар, 3 сөйкө, 2 телефон, ноутбук жана планшет табылды.
Сурактын жүрүшүндө кармалган жигит уурдаган акчалардын 5 миң долларына «БМВ-745» үлгүсүндөгү унаа жана 2900 долларына «БМВ-320» үлгүсүндөгү унаа сатып алгандыгын билдирген. «БМВ-745» үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда ичинен 8 огу менен травматикалык тапанча табылды.
Д.Э. мындан башка 7 уурулук боюнча көрсөтмө берди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу