Курс НБ на 21.09.2020 $79,0444 €93,7348

Бишкекте айдоочу жөө жүргүнчү менен уруша кетип атып салды

Кылмыш
23 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
584
Бүгүн Бишкектеги Москва менен Ибраимов көчөлөрү кесилишкен жерде айдоочу жөө адамга ок чыгаргандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги маалымдады. Маалымат агенттикке Whatsapp каналы аркылуу келген.
Мааламат боюнча окуя болжол менен саат 11.30дар чамасында болгон.  "Москва көчөсүнөн көп кабаттуу үйлөрдүн короосуна кайрылып бараткан унаанын алдынан жөө адам чыгып калды. Айдоочу ага жол бербей койгонбу, айтор, экөө сүйлөшүп туруп эле мушташа кетишти. Унаада отурган айдоочунун аялы сыртка чыга калып жолдошуна болуша баштады. Тиги адам аялга асыла баштаганда айдоочу жубайына болуша кетип жөө адамды карай ок чыгарды", — деп жазган күбө. Анын айтымына караганда, окуя болгон жерге Тез жардам кызматы чакырылып, айдоочуну милициялар алып кеткен.  Ал эми айдоочу кош бойлуу жубайына болушуп, аны коргоо үчүн ок чыгарууга барганын айтты,-делет маалыматта.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.