Курс НБ на 18.11.2017 $69,7468 €82,2140

Бишкекте 21 жаштагы кызды зордуктап, өлтүрүүүгө шектүү эки жигит кармалды

Кылмыш
08 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
29
Бишкек шаарынын борборунда 21 жаштагы кызды алгач зордуктап, андан кийин өлтүргөн деген шек менен 2 жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-ноябрда Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Алдын ала маалыматтарга караганда, 28-октябрь күнү 21 жана 22 жаштагы эки жигит 1996-жылы туулган кыз менен чогуу көчөдө спирт ичимдиктерин ичишкен.
«Шектүүлөрдүн бири алар спирт ичимдиктерин ичкенин жана андан кийин уруш чыкканын айтты. Экинчи шектүү кызды зордуктаганын мойнуна алды. Кыздын жансыз денеси Киев көчөсүнөн табылды. Ал окуя болгон жерде көз жумган. Кылмышка шектүүлөр кийинки күнү кармалып, СИЗО-1 мекемесине камакка алынды», - деп айтылат маалыматта.
Тергөө иштери улантылып жатат.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу