Курс НБ на 19.03.2019 $69,7627 €79,2051

Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча айыпталгандар 8-мартка чейин тергөө абагында калтырылды

Кылмыш
09 - Январь 2019
www.erkintoo.kg
97
Кечээ, 8-январда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча айыпталган Айбек Калиев, Темирлан Бримкулов, Бердибек Боркоев, Узак Кыдырбаев, Өмүркул уулу Нурлан, Нурлан Садыков жана Нургазы Курманбековдун иши боюнча кезектеги отурумун өткөрдү.
Отурум учурунда Темирлан Бримкуловду, Бердибек Боркоевди жана Узак Кыдырбаевди үй камагына чыгаруу жөнүндө алардын жактоочулары Улан Асакеев менен Учкун Каримовдун өтүнүчтөрү канааттандырылган жок. Тескерисинче судья Эмил Каипов аларды 2019-жылдын 8-мартына чейин тергөө абагында калтырды.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу