Курс НБ на 18.11.2019 $69,8500 €76,9922

Бишкек мэриясы эки миллион сомдук чыгымга учурады

Кылмыш
14 - Август 2019
www.erkintoo.kg
62
Мындай чыгым Атамбаевди кармоо операциясынын кесепетинен улам келтирилген.  
Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады. "7-9-август күндөрү мэрдин тапшырмасы менен укук коргоо органдарына 70 эл ташуучу автобус берилген. Тилекке каршы, анын 30унун терезеси талкаланган. Ал эми бир автобус такыр жарактан чыгып калды. Алдын ала божомол боюнча, автобустарды оңдоого эки миллион сом керектелет. Күнүмдүк киреше 100-120 миң сомго азайып, 60 айдоочу убактылуу жумушсуз отурат. Ошондой эле калаа башчысы жетиштүү деңгээлде иш аткарбаган жетекчилердин жоопкерчилиги да карала турганын эскертти", — деп айтылат маалыматта.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.