Курс НБ на 19.04.2018 $68,8586 €85,1505

Бир жигит каза болуп, кош бойлуу келин жана 2 адам оор абалда

Кылмыш
29 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
167
Токмок шаарындагы жеке турак үйгө белгисиз бирөөлөр кол салышты. Бул тууралуу Turmush басылмасы билдирди.
Алдын ала маалыматтарга караганда, үйгө кол салуу 27-декабрдан 28-декабрга караган түнү болгон. Анын кесепетинен шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 3 адам — 1973-жылы туулган К., 1995-жылы туулган Б., 2001-жылы туулган Л.Р. оор абалда жеткирилген. Ал эми, 1993-жылы туулган Б.К. ооруканага жеткенден кийин каза болгон.
Чүй ОИИБден маалымдашкандай, Токмок ШИИБге райондук ооруканадан белгисиз бирөөлөр жеке турак жайды тоноого кирип, анда жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө залал келтиргендиги тууралуу билдирүү келип түшкөн. Учурда бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) жана 104-беренеси (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду. Ошондой эле, Чүй ОИИБдин жана Томок ШИИБдин ыкчам-издөө тобу ишти иликтөөгө алып, кылмышка тиешеси барларды издеп жатышат.
Ал эми, Токмок аймактык ооруканадан билдиришкендей,  28-декабрда саат 06:50дө оор абалда үй-бүлө мүчөлөрү — 4 адам келип түшкөн.
Алар:
- 1973-жылы туулган К.Д. — үй-бүлөнүн апасы. Баш мээси чайкалган. Баш жана бет сөөгүнөн жаракат алган. Ал жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды;
- 1995-жылы туулган Б.Э. баш сөөгүнөн бир нече жаракат алып, чыкый сөөгү сынган. Учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат;
- 2001-жылы туулган Л.Р. баш сөөгү сынган, баш мээси чайкалган. Анын  боюнда болгон. Ал сынактар бөлүмүндө жатат;
- 1993-жылы туулган Б.К. көрүлгөн аракеттерге карабай, жандандыруу бөлүмүндө каза болду.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.