Курс НБ на 12.11.2019 $69,8469 €77,0062

Баткенде 10 ай аралыгында 89 адам жоголгон

Кылмыш
18 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
442
Жыл башынан бери Баткен облусунда 89 адам жоголгон. Мындай маалыматты Супер kg  порталына Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкен.  Маалыматтарга  караганда, жыл башынан бери 10 ай ичинде облуста  89 адамдын жоголгондугу тууралуу арыз келип түшкөн. Анын  ичинен 74 адам милиция кызматкерлери тарабынан табылган. Учурда  15 жаран дайынсыз жоголду деп изделип жатат. Эске салсак,  1931-жылы туулган С.Бурканова 10-ноябрда  пенсия алам  деп Токтогул көчөсүндө жайгашкан үйүнөн саат 10:00 чамасында чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. 
 
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.