Курс НБ на 19.06.2019 $69,7300 €78,0941

Баткен облустук Капиталдык курулуш башкармалыгына кылмыш иши козголду

Кылмыш
21 - Декабрь 2018
www.erkintoo.kg
158
  Аталган ишканада  кызматтык абалынан кыянаттык менен колдонуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы маалымдады.
Такталгандай, Баткен шаардык аймактык ветеринардык лабораториясынын жана Баткен районундагы 3 орто мектебин курууда жана ишке киргизүүдө, куруу иштерин көлөмүн жогорулатылган баада кургандыгы аныкталды. Бул факт боюнча Баткен облусттук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу), 221-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) жана 315-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) боюнча кылмыш иши козгоду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. (ЖК)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.