Курс НБ на 27.04.2018 $68,6425 €83,5448

Башкармалыктын башчысы акча алып жатканда кармалды

Кылмыш
17 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
96
Башкы прокуратуранын башкармалыгынын жетекчиси 200 миң доллар пара алып жатканда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
«16-апрелде 200 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Башкы прокуратуранын башкармалыгынын жетекчиси Ч.У. кармалды», - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Текшерүү иштерин УКМКнын Антикоррупциялык кызматы менен Башкы прокуратуранын ички иликтөө кызматы укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияны аныктоо максатында козголгон кылмыш иштин алкагында жүргүзгөн. Учурда тактоо, тергөө иштери улантылып жатат.
Маалым болгондой, Башкы прокуратуранын текшерүү жүргүзүлгөн башкармалыгынын жетекчиси болуп Чалбаев Уланбек Акматович эмгектенип жаткан.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу