Курс НБ на 16.10.2018 $69,1798 €80,0687

Банк кызматкери 1 миллион 289 миң сомду өзүнө ыйгарып алганы аныкталды

Кылмыш
25 - Сентябрь 2018
www.erkintoo.kg
71
Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгынан (Финполиция) кабарлашты. Тагыраак айтсак, Ош облусундагы банктардын биринин кызматкери алдамчылык жолу менен 1 миллион 289 миң сомду өзүнө ыйгарып алган. Банктын сактык кассасынын башчысы кызматтык абалынан пайдаланып, 2016-жылдан 2018-жылдын июнь айына чейин депозитке келген акчаларды мыйзамсыз иштетип жүргөн. Ал жарандардын ишенимине кирип, алардын акчасын банктын эсебине салбай өзү алып келген. Аманатчыларга болсо жасалма келишим жана жасалма тастыктамаларды берип турган. (ЖК)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу