Курс НБ на 20.10.2018 $69,3251 €79,3703

Балыкчыдагы жатак колониясынан эки киши качып чыкты

Кылмыш
10 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
97

Балыкчы шаарындагы №51 жатак колониясынан эки киши качып чыкканын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 8-апрель күнү болгон.

Түрмөдөн качкандар:

Исматов Зафаржон Садуллоевич, 1979-жылы туулган. Тажикстандын Вахдад шаарынын тургуну. 2018-жылы 12-февралда уурулук боюнча эки жылга эркинен ажыратылган.

Белгилери: бою 160-165 сантиметр, чачы, көзү кара, орто бойлуу.

Экинчиси Буриев Аскаржон Бахтиёрович 1984-жылы туулган. Өзбекстандын Жонбай шаарынын тургуну. 2018-жылы жасалма документ жасап, төрт жылга соттолгон.

Криминалдык милиция кызматы тарабынан колониядан качкандарга кайрадан кылмыш иши козголду. Ага ылайык, качкындар мурунку жылдарынан тышкары кошумча үч жыл абакта болушат. Учурда Кыргызстандын аймагында кармоо планы жарыяланып, чек аралардагы өткөрүү жайларында жарандарды текшерүү күчөтүлдү.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын билдирдүүсүндө алар өз мамлекеттери Тажикстан жана Өзбекстанга өтүп кетиши ыктымал.


 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.