Курс НБ на 16.08.2018 $69,4905 €78,7084

Балыкчыда 23 жаштагы жигит унаасы менен жердешин сүзүп өлтүрүп, өзү качып кеткен

Кылмыш
02 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
128
Балыкчы шаарында жөө жүргүнчүнү унаасы менен сүзүп өлтүрүп, өзү качып кеткен айдоочу көп узабай колго түштү. Шектүү менен жабырлануучу жергиликтүү тургундар болгон.
Балыкчы ШИИБдин кызматкерлерине 30-январда саат 23:47 чамасында Абдрахманов көчөсүнөн азиат түспөлүндөгү эркек кишинин денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке барган милиционерлер жансыз денеден алыс эмес жерден «Тойота-Харриер» унаасына тиешелүү деп болжолдонгон күзгүнүн сыныктарын табышкан. Ыкчам текшерүү иштеринин жүрүшүндө ошол аймактагы «Ай-Көл» кафесиндеги видеокамера аркылуу «Тойота-Харриер» унаасы жөө жүргүнчүлөрдүн жолунан өтүп бара жаткан адамды сүзүп, качып кеткени белгилүү болду.
Маркумдун өздүгү такталып, Балыкчы шаарынын 58 жаштагы тургуну А.А. болуп чыкты. Анын туугандары табылган.
Окуядан көп узабай Балыкчы ШИИБдин инспекторлору тарабынан окуяга шектүү катары жергиликтүү тургун – 1995-жылы тулган С.Р. кармалды. Ал күнөөсүн мойнуна алып, окуя болгон учурда алкоголдук ичимдик ичкени медициналык текшерүүдөн кийин белгилүү болгон.
Учурда экспертиза дайындалып, тергөө иштери улантылып жатат.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.