Курс НБ на 18.06.2018 $68,3068 €79,1608

Балыкчыда 2 жашар баланын сабалышы боюнча кылмыш иши козголду

Кылмыш
07 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
17
Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.  2 жаштагы бөбөктүн мыкаачылык менен сабалышы боюнча азырынча эч кимге айып тагыла элек. Анткени Ички иштер органдары соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатат.  Эске салсак, 27-майда Балыкчыда 2 жашар баланы тайжеңеси катуу сабап салып, наристе ооруканага жаткырылган. Кийин 33 жаштагы аял кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында бөбөктү анын 13 жаштагы уулу уруп салган деп айткан. Тергөөдө бөбөк тайжеңесинен  ур-токмокко алынганы аныкталган.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу