Курс НБ на 27.05.2019 $69,8500 €78,1272

Бакиевдин үй-бүлөсү чыгарып кеткен 4,6 млн доллар Кыргызстанга кайтарылат

Кылмыш
26 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
158
25-февралда “Курманбек Бакиевдин режими учурунда уурдалып кеткен Кыргызстандын активдерин кайтаруу жөнүндө” эки өлкө өкмөттөрүнүн биргелешкен билдирүүсүнө кол коюу учурунда АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын биринчи орун басары Лис Уэлсс Кыргызстандын качкын президенти Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү 6 миллиондон ашык долларды Америкага мыйзамсыз чыгарып кеткен деп айтты. “Кыргызстанга 4 миллион 560 миң доллар кайтарылат” деди өлкөбүздүн финансы министри Бактыгүл Жээнбаева. Айтымында, бул акчалар Евгений Гуревичке козголгон кылмыш иши боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүү учурунда табылган.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.