Курс НБ на 13.11.2019 $69,8469 €77,0062

Баңгизатын сатып жаткан жеринен эки милиция кызматкери кармалды

Кылмыш
16 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
417
 Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, буга чейин милициянын офицерлери башында турган кылмыштуу топтун көптөн бери баңгизатын сатуу менен алектенип келгени тууралуу ИИМдин Ички коопсуздук кызматына оперативдүү маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде аларды  текшерүү үчүн бир канча жолу атайын сатып алуу уюштурулган. Мунун негизинде жогорудагы маалымат аныкталып, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгон. 16-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин К.Б. жана К.Ж. аттуу эки кызматкери баңгизатын сатып жаткан жеринен кармалды.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.