Курс НБ на 22.10.2019 $69,8114 €77,7804

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына 50 пайыздык жеңилдик кыла турган жеке менчик бала бакчалардын тизмеси жарыяланды

Кылмыш
24 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
157
Билим берүү жана илим министрлиги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына 50 пайыздык жеңилдик кыла турган жеке менчик бала бакчалардын тизмесин жарыялады.
Буга чейин министрлик Бишкек шаарында аз камсыз, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн жана айлыгы аз мамлекеттик кызматкерлердин балдарын бакчага киргизүү боюнча социалдык долбоору старт алганы турганын кабарлаган.
Анда мамлекет жеке менчик бала бакчалардагы төлөмдүн 50 пайызын төлөп бермек. Башкача айтканда, бала үчүн бакчага берилчү каражаттын теңин төлөп берүү тууралуу айтылган.
Долбоорго катышып жаткан бакчалардын ичинен тиешелүү документтери туура болгон, лицензиясы бар, лицензиялык талаптарга туура келген, окуу-материалдык базасы камсыздалган, кароодон өткөн тогузу тандап алынган. Аларды атайын комиссия караган.
Баланы 50 пайыздык жеңилдик менен алчу бакчалардын тизмеси:
— "Капелька счастья" бакчасы. Дареги: Дэн Сяопин көчөсү, 551;
— "Бекхан" бакчасы. Дареги: Токмок көчөсү, 65;
— "Карлсон" бакчасы. Дареги: Восточная көчөсү, 64;
— "Балдар ааламы" бакчасы. Дареги: Лев Толстой көчөсү, 97а;
— Герман Гмайнер окуу-тарбиялык комплексинин "SOS" мекемеси. Дареги: Токтоналиев көчөсү,137а;
— "Кенгурёнок" мектепке чейин окуу жана тарбия борбору. Дареги: Бакаев көчөсү, 141;
— "Нур-Бала" бала бакчасы. Дареги: 7-кичирайон, 23/4а үйү;
— "В гостях у Пеппи длинный чулок" бала бакчасы. Дареги: Осипенко көчөсү, 38;
— "Слонёнок" ЖЧКсы. Дареги: Армейская көчөсү, 10-үй, 3-батир.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.