Курс НБ на 30.10.2020 $81,8000 €95,9514

Аяз кыз сабалды

Кылмыш
04 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
846
Анжиянда (Өзбекстан) Аяз кыздын кийимин кийген жаш жигитти топ киши шылдыңдап, сабап кетишкен. Социалдык түйүндөргө жарыяланган видеожазууга караганда, Аяз кыздын кийимин кийген жаш жигитти чогулган адамдар тилдеп, сөгүп, жаакка чаап жиберишкен. Аяз кыздын чапаны менен жүргөн жигитти сабашып, башынан кийме чачын жулуп алышкан. Анын жанындагы Аяз ата коркконунан шеригине жардам берген эмес. Eltuz.com. маалымат агенттиги кабарлагандай, видеодо уят сөздөрдүн, кыйноонун жана гомофобиянын элементтери бар. Былтыр да Хорезм облусунда Аяз кыздарды зордуктоо аракети катталган,-делет маалыматтарда.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.