
Курс НБ на 07.12.2019 $69,8490 €77,5883

Аттестаттардагы каталар боюнча кылмыш иши козголду
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан кылмыш ишин козголуп, сотко чейинки тергөө иштери башталды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, аталган факты Кылмыштар жана жоруктар боюнча бирдиктүү реестрге катталган. "Сотко чейинки тергөө амалдары учурунда 2019-жылы орто мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөр үчүн ката жазылган 95 миң аттестат тапшырылган. Анда "жөнүндөгү" деген сөздөгү "н" тамгасынын ордуна "ң" тамгасы колдонулган. Ошондой эле Нарын облусундагы Туз айылында бүтүрүүчүлөргө берилген аттестаттын орусча жазылган жеринде "реднюю" деген сөз ашыкча жазылган", — деп айтылат маалыматта. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек