Курс НБ на 25.01.2021 $84,7671 €103,2421

Аскаровдун жактоочулары Жогорку Сотко кайрылат

Кылмыш
25 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
621
Өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун жактоочулары Жогорку Сотко кайрыла тургандыктарын билдиришти. Себеби камактагы укук коргоочу күнөөсүн четке кагууда. Кечээ 24-январда Чүй облустук сотунун коллегиясы Азимжан Аскаровдун иши боюнча Базар-Коргон райондук сотунун өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн күчүндө калтырган эле. Сот Аскаровдун күнөөсү күбөлөр менен жабырлануучулардын көрсөтмөлөрүнүн негизинде далилденгенин белгилеген. Бирок, Аскаров буга макул болбой ачкачылык жарыялаарын да айткан.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.