Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

А.Салянованын инисинин өлтүрүлүшү боюнча кылмыш иш козголду

Кылмыш
08 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
31
Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 6-ноябрда Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында кол салуу болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Келген милиционерлер саат 01:30 чамасында Улан Саляновдун үйүнө беткапчан бир нече адам кирип келгендигин такташкан. Алар Улан Саляновду 2 жолу атып, ак түстөгү унаа менен качып кетишкен. Жабырлануучу алган жаракатынан улам аймактык ооруканага жеткирилгенден кийин каза болгон. Кол салуу учурунда У.Салянов аялы жана 7 жаштагы баласы менен үйүндө болгон.
Учурда милиция кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иш козголуп, «Перехват» планы киргизилип, кылмышкерлерди кармоо аракети көрүлүп жатат.
Окуя тууралуу:
 6-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын бир тууган инисин атып өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу депутаттын жактоочусу Улан Жумаков социалдык тармактагы өзүнүн баракчасы аркылуу кабарлады.
Анын айтымында, Улан Салянов Көк-Жар жаңы конушунда толук курулуп бүтө элек, короодогу дубалда дарбазасы жок үйдө жубайы жана 2 баласы менен жашачу.
«Таңкы саат 4:00 чамасында белгисиз 4 адам кирип келип, У.Саляновдун баласына тапанча такашкан. Ал баласын кое берүүнү сурана баштап, ортодо кармашуу болгон. Жыйынтыгында ок атылып, белгисиз адамдар качып кеткен», - деп айтылат маалыматта.
У.Салянов 1975-жылы төрөлгөн. 2 баланын атасы болчу. Унааларды алып сатуу жана оңдоо иштери менен алектенчү.

 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу