Курс НБ на 12.11.2019 $69,8469 €77,0062

Америкада өзүн камсыздандырган адам Оштон өзүн “өлдүм” деп жарыялаган

Кылмыш
16 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
441
Өзбекстандык Америка жараны 1 млн доллар камсыздандыруу төлөмүн алуу үчүн өзүн Кыргызстандын Ош облусунда  “өлдүм” деп жарыялаган. Бул тууралуу КР ИИМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 1985-жылы төрөлгөн Өзбекстандын тургуну АКШдагы камсыздандыруу компанияларынын биринен өзүн 1 млн долларга камсыздандырган. Ал 2000-жылы Green Card менен АКШга барган. 2014-жылы камсыздандыруу төлөмүн алуу үчүн өзүн Кыргызстандын Ош облусунда “өлдүм” деп жарыялаган. Өлгөндүгү тууралуу жалган күбөлүк алып, Кара-Суу районунун айыл аймагынын бириндеги көрүстөнгө кабыр жайын каздырып, эстелик да койдурган. Мындан соң анын туугандары камсыздандыру компаниясынан 1 млн долларды талап кылышкан.  Бирок, КР ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын Түштүк аймагынын кызматкерлери бул алдамчылыкты жана документтердин жасалма экендигин аныкташып, өлгөндүгү тууралуу жалган күбөлүк берген медкызматкер кылмыш жоопкерчилигине тартылып, ири суммада айыппул салынды. Ал эми Өзүн “өлдүм” деп жарыялаган адам изделүүдө.
 
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.