Курс НБ на 21.10.2020 $81,2050 €95,6676

​Алмазбек Атамбаевге соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды

Кылмыш
10 - Декабрь 2019
www.erkintoo.kg
173
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, мыйзамга ылайык, оор жана өзгөчө оор кылмышка шектүүлөр мындай экспертизадан өтүшү шарт. “2019-жылдын 12-ноябрында оор жана өзгөчө оор беренелер боюнча шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдалгандыгына байланыштуу Жазык-процесттик кодекстин 171-беренесинин ("Экспертизаны дайындоонун негиздери") негизинде 16 шектүүгө карата, анын ичинде Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке да соттук-психиатриялык экспертиза дайындоо жөнүндө токтом чыгарылып, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык психикалык саламаттык борборуна аткаруу үчүн жөнөтүлдү” деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.