Курс НБ на 13.11.2019 $69,8469 €77,0062

АКШда жек көрүүдөн улам жасалган кылмыш көбөйгөн

Кылмыш
15 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
358
АКШда мусулмандарга болгон жек көрүүдөн улам жасалган кылмыш бир жылда 67 пайызга көбөйгөн. Бул тууралуу  РИА Новости агенттиги АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун шейшемби күнү жарыялаган отчетуна таянуу менен билдирди.
2014-жылы 154, 2015-жылы 257 кылмыш катталган. Ал эми 2001-жылдын 11-сентябрындагы терактыдан кийин 481 кылмыш жасалган. Федералдык иликтөө бюросунун маалыматына караганда, 2015-жылы жек көрүү негизинде жасалган кылмыштардын көбү расага байланыштуу болгон.  Афроамерикалыктардын 52 пайызы кылмыштын курмандыгы болсо, актар — 19 пайыз, латын америкалыктар 9,3 пайызды түзгөн,-делет маалыматта.

Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.