Курс НБ на 27.05.2019 $69,8500 €78,1272

АКШда 5 адамды өлтүрүп кетишти

Кылмыш
27 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
169

 АКШнын Пенсильвания штатында өзүнүн 2 баласын жана 3 жакын тууганын өлтүрүүгө шектелип апасы менен кызы кармалды. Мындай маалыматты чет элдик маалымат каражаттары жазышууда. Маалыматка караганда, кылмыштын бети Моррисвиль шаарындагы үйлөрдүн биринин социалдык абалын текшерүү маалында ачылган. Ал үйдөн 25 жаштагы Нааира Смит, 13 жаштагы Дэймон Дикри, 42 жаштагы Жамилла Кэмбепл жана эгиздер Аймани менен Эрика Аллен аттуу адамдардын жансыз денелери табылган. Ал эми кылмышка шектүү катары  45 жаштагы Шана Дикри жана анын 19 жаштагы Доминик Дикри аттуу кызы кармалды. Мындан сырткары 17 жаштагы бала дагы изделүүдө. Ал качып аман калды деп айтышууда.
Айнура Шайкеева



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.