Курс НБ на 09.12.2019 $69,8500 €77,2820

Айылдашын сабап өлтүрүп, талаага көмүп коюшкан балдар кармалышты

Кылмыш
22 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
469
Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады. Окуя үстүбүздөгү жылдын 4-сентябрынан 5-сентябрга караган түнү Кара-Суу районунун Жапалак айылында болгон.  Анда 1994-жылы туулган Нурсултан дайынсыз жоголгондуктан анын эжеси милицияга арыз менен кайрылып, инисинин дайынсыз экенин айткан. "Бул факт боюнча ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын негизинде 10-октябрь күнү маркумдун жансыз денеси табылган. Ал эми 20-ноябрда кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган К.Б., Д.А., М.К.жана 1993-жылы туулган М.Б. кармалган. Алардын айтымдарында, К.Бнын үйүндө ич ара келишпестиктен улам Нурсултан Насировду көптөп сабап, өлтүрүп, талаага көмүп коюшкан", -делет маалыматта.
 Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.