Курс НБ на 19.09.2019 $69,8488 €77,2458

Аидага да кезек келди

Кылмыш
04 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
141
Мыйзамдагы ууру Батукаев бир топ кыргыз чиновниктеринин шоруна калды. Аны абактан бошоткондугу үчүн капаска түшкөндөрдүн катарын 4-июнга караган түнү өлкөбүздүн экс-башкы прокурору Аида Салянова толуктады. Салянова 48 саатка Бишкек ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун бүгүн, 4-июнда билдиргенине караганда, Саляновага каршы мурдагы атайын прокурор Майрамбек Акматалиев көрсөтмө берген.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.