Курс НБ на 16.07.2019 $69,5663 €78,2308

9 жаштагы баланы машина сүйрөткөн окуя катталды

Кылмыш
30 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
132

Бишкектеги жаңы  конуштардын биринде 9 жаштагы  баланы жакын тууганы машинеге байлап сүйрөткөн окуя катталды. Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 27-апрелде борбордун «Алтын казык» жаңы конушунда 1986-жылы төрөлгөн жаран 2010-жылы туулган өспүрүмдү сабап, машинеге сүйрөп жүргөнү маалымдалган. Ал жерге ички иштер кызматкерлери барып, баланы ооруканага жеткиришкен. Териштирүү учурунда баланын атасы жок энеси Орусияда иштеп жүргөнү аныкталды.  

Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу