Курс НБ на 18.11.2018 $69,8400 €79,2474

6 жашар секелекти кордогон өспүрүм ооруканада

Кылмыш
29 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
113

Кичинекей кызды кордогон өспүрүм бала Саламаттык сактоо министрлигинин балдар психиатриялык ооруканасына жаткырылды. Бул тууралуу ички иштер министрлиги кабарлады.

Буга чейин Чүй облусунда 13 жаштагы бала секелек кызды кордоп, натыйжада ал катуу жаракат алып ооруканага түшкөнү маалымдалган.

Милиция ушу тапта соттук экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатат.

Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү өспүрүм I топтогу майып экенин, Психикалык саламаттык боюнча республикалык борбордо каттоодо турарын айтышты.

ИИМдин маалыматында Кылмыш жаза кодексинин 18-беренесинде жазага кылмыш жасаганга чейин 16 жашка толгон адам гана тартылары жазылган. Бирок кылмышка чейин 14 жашка чыккан өспүрүм аталган беренеде каралган оор кылмыштары үчүн жооп берет.

Жогорудагы окуянын каарманы болгон бала 25-июндан тарта психиатриялык ооруканада жатат.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.