Курс НБ на 30.10.2020 $81,8000 €95,9514

32 жыл мурда түрмөдөн качкан адам кармалды

Кылмыш
27 - Июнь 2017
www.erkintoo.kg
471
Америкада 32 жылдан бери сот адилеттигинен качып жүргөн адам кармалды. Бул туурасында “Fox News” жазып чыкты. Маалыматка караганда, Стивен Дишман аттуу адам 1984-жылы бирөөнүн мүлкүн уурдагандыгы үчүн 7 жылга эркиндигинен ажыратылган. Ал жазаны  Линкольн округундагы абакта өтөп жатып, 1985-жылы май айында качып кеткен. Анын жашы учурда 60та. Аны  25-июнда Спрингдейлдеги үйүнөн полициялар кармап кетишкен. Эгер ал убагында абактан качып кетпегенде 1987-жылдын декабрь айында мөөнөтүнөн эрте чыгарылмак. Эми ал жаза мөөнөтүн кайрадан өтөйт.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.